шок
- Тентек, шайкелең, оюнкарак, шайтандуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Серпкен кашын билген жок, / Кубатай кирди оозу шок: / — Арага түшкөн сен кимсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Эркек бала шок болсун, / Шок болбосо жок болсун”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Балбандарың баары кыл, / Душманга колу шок эле, / Даа тутуп душман келе албай, / Жалындап турган чок эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кылдат мерген Гүлчоро, / Жаага кыйын, колу шок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →