шиш
- Бир нерсени саюу, көсөө үчүн учу ичкертилген учтуу темир же жыгач.
- Үй буюмдар отко түшпөс үчүн боз үйлөрдөгү очоктун четине төр жакты тосуп кагып койгон майда казыктар.
- Учтуу, учу ичке келген; учталган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аз эле жылдын астында, / Каңгайлар айдап жүргөндө, / Таманыңа шиш кагып, / Куйкаңды карыш тилгенде, / Ыштаныңа сийдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Таласка барат томсоруп, / Алтымыш илек кол болсо, / Анда-мында олтурган, / Көчмөн кыргыз эл болсо, / Аз болбосо мол болсо, / Андай сонун иш болсо, / Уугуңду шиш кылат, / Унуткусуз иш кылат, / Мурдуңду тилип туз куйат, / Мурутуңду жулбайбы, / Өз билгенин кылбайбы, / Кымызга сууну куйбайбу, / Кызыңды катын кылбайбы, / Кы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эки колуң байлатып, / Жаза кылып айдатып, / Куйкаңды тилип туз куйуп, / Таманыңа шиш кагып, / Унутулгус иш кылып, / Бүтүрөйүн ишиңди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кымызына суу куйуп, / Унуткус бир иш кылып, / Уугун учтап шиш кылып, / Унун күлдөй сапырып, / Сыймыгын баштан качырып, / Ушундай кылып тынбасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ата-энең кое бер, убал болот десе, убал болсо кудайым адал кылбай эле койбойбу деп, шишкебек кылуучу элең, ии ошону эми көргөнүң!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →