шири
- Бодо малдын абыдан каткан, жедеп кургап бүткөн катуу, калың териси.
- Саба, көөкөр, көнөчөк сыяктуу идиштерди жасоо же бир нерсени каптоо үчүн керектелүүчү бодо малдын ышталган чылгый териси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайлардын Саранжа, / Кажылдаган калмактар, / Чыгып келди дүркүрөп, / Шириден кылган доолбас, / Үн алышып дүңкүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алтын алсаң, зар алсаң, / Шири капка салылуу, / Төрт түлүктүү мал алсаң, / Өрүштө бар жайылуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эр Алмамбет баатырың, / Колундагы сом темир, / Жазылыптыр ашкере, / Караса анын сабына: / “Кароого келсе Коңурбай, / Кол баштаса Соорандык, / Кийе турган тондору, / Салынган шири кабына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайран жеңе Чүрөктө, / Момунжан берген дарыдан, / Ажал жетип кетпесе, / Башкага дабаа табылган, / Отуз жыл каткан шириге, / Тийгизип койсо жумшаткан, / Дары-дарман баары бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кыдыңдаган көк эшектин үстүндө, ширидей кара бутумду салаңдатып, ээн талаа менен жалгыз кетип барам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →