шире2

китептерде 10 жолу, 6 китепте шире 1 →
  1. Бири-бирине жабышуу, жабышып улануу, биригүү (эритип же кызытып ширетилген металлга карата).
  2. Шыкалып толуп калуу, шыгырап толуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тоо жылгандай талаада, / Кылычын ташка бүлөгөн, / Айрыгы отто ширеген, / Балтанын мизин эгеген, / Сыртына коло чырмаган, / Найза, кылыч, балтаны, / Баарын ууга сугарган, / Туулгасын оңдогон, / Соотторун тордогон, / Калкандарын кадаган, / Чарайнанын тешигин, / Темир койуп жамаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бирин-бири көргөндө, / Куйкалары курушуп, / Тобуке, Батай урушуп, / Ач бөрүдөй булушуп, / Атынан түшүп күрөшүп, / Өөдө-төмөн сүрүшүп, / Көөдөндөрүн тирешип, / Белден кармап чиренип, / Кара бойдон тер агып, / Кайрат качып ширелип, / Кыйын болгон мезгилде, / Отор келди ал жетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Найза өтпөс, ок өтпөс, / Өгөтүп туруп болоттон, / Ширелткен экен тердигин, / Сары жез менен каптаткан, / Быйданадан желдигин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жасалмалуу сөзүңдүн, / Ширесин кийин угабыз! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыз койнуна жатсам, деп, / Кызыгыма сен зарсың, / Отко салбай ширеткен, / Мээриңе мен зармын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →