шими

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Бир нерсенин суюк маңызын, майын соруу.
  2. Аябай катуу соруп өбүү, катуу өбүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дагы үч жыл күйөйүн, / Этегиңе эрмешип, / Эрдиңен шимип жүрөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тиктесе көзү алайып, / Ээрдин шимип жаланып, / Караса көзү алайып, / Жыланча эрдин жаланып, / Ачылып көзү жумулуп, / Туулгасында кыргак жок, / Чочкодон бетер мулуйуп, / Кылычын ууга сугарган, / Каарданып чапканда, / Кутулбаган эч бир жан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →