шили
- Кежиге, желке тарамышы.
- өт. Бир нерсенин арты, өйдөңкү, үстү жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтай каңгай тоолорун, / Жердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, / Кара сакал Жанай деп, / Бир б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Этин шилип салышты, / Чынар кескен немедей, / Эки баатыр тең туруп, / Дембелешип балта уруп, / Башын кесип алышты, / Ошол кезде Алмамбет, / Дагы айтып калышы: / — Башын байлап алгын, — деп, / Дөбөдөгү төрөгө, / Көрсөтүп ала баргын — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрүп Коңур бар жайын, / “Жандап өтө берсем — деп, / Алдымдагы Алгара, / Кайра айланып келгенде, / Айры шили, кара куш, / Айбалта менен нетсем — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Шили өтө талуу жер, / Араңдан зорго көтөрдү, / Калыңдыктан кара жер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ошондо Бала Курман жолоочуну шилиден ары келтирип туруп, эки тепти да, чалкасынан салды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →