шек

китептерде 130 жолу, 10 китепте
  1. Күнөм, ишене албастыкты, шектенгендикти туудурган белги.
  2. Билгизүү, туйдуруу, байкатуу үчүн берген белги, кабар, купуя билдирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…актаган, / Атагы бар эр ушу; / Таластагы Татыбек, / Кашкардагы Турдана, / Анча кыйын күч кетпейт, / Чынын айтсам буларга, / Өзүбектин эр Мурат, / Ошондо бир аз шек турат; / Алтай, Иле, Шерматкан, / Лопнурдагы хан Матан, / Азыр болгон ар кимиң, / Калың топто капташсаң, / Ошол экөө эң жаман. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жан кишиге шек бербей, / Ок менен бетин сылады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыр көрсөтүп биздерге, / Жакшылык жактын шеги жок, / Жамандык жагын издерге, / Беттешкенин мент кылып, / Алып келди бул кезге, / Касташканын капшырып, / Басып келди бул кезге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…йт, / Манас эмес, мен ичпейм, / Аспады казан дебеймин, / Кош эмесе, калгыла, / Мен үйүмө кетейин, - / Каныкей кетти аттанып, / Көзкаман калды муңканып: / — Мен шек алып калдым келинден, / Нечен айтчу кептенип, / Токтоп калды тамшанып, / Тура берип айлында, / Кабылбайлы балаага, / Агытып койду аттарын, / Качалы айдап бүт б… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Болжоп жүрдүм Таласта, / Айдай жеңем Айчүрөк, / Сени үч жыл көтөрдү, / Арамкор Кыйаз шек санап, / Электен далай өткөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →