шаң

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Шаан-шөкөт, шат, эң сонун көрк, салтанат.
  2. Көрүнүш, бир нерсенин силуэти, контуру, элеси, көлөкөсү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Белге чыгып элейип, / Шаңда туруп сербейип, / Этегин шамал чойгулап, / Капшыты көөп делдейип, / Дүрбүнү алып колуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…чойушуп, / Эшик эндүү айбалта, / Чокулаша койушуп, / Туулгага чабылып, / Балтанын үнү чакылдап, / Көөдөндөгү чарайна, / Найзанын учу такылдап, / Шилтеген кылыч шаң этип, / күн чагылып жарк этип, / Кетелек менен сом темир, / Көк жашыл тартып жалтылдап, / Алоолонуп тулпарлар, / Ала качып алкылдап, / Ок өтпөс буулум шым кийи… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Ашта болгон шан-шөөкөт, / Ошолордон баштайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көрүнүшү баланын, / Булуттан чыккан күн болгон, / Орчундуу эрдин бириндей, / Ал балага сүр конгон, / Кайкыга чыккан шаңдагы, / Ак жолборстой түр болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эр Семетей баатырдын, / Кара көздөн нур чалган, / Чырайынан кан тамган, / Кыз-келин көрсө нур жүзүн, / Чын акылдан бек шанган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →