шашке
- Убакыт өлчөмү, эртең мененки убак, күн көтөрүлгөн маал (Адатта, эрте шашке, чоң шашке, же улуу шашке деп бөлүнөт).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Башыман өткөн ишим, — деп, / Байкап көрсөм балама, / Башка эмес кесели, / Чигитей окшойт билдим, — деп, / Мурун балам сак болсо, / Эртең менен сак копсо, / Кечээ күнү шашкеде, / Таза туруп жин тийсе, / Улам-улам кубулса, / Ичкен ашын билбесе, / Ашык эмей эмине?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алмамбет мындай ойлонуп, / Чалкып жаткан көл болуп, / Бузулуп ичи турганда, / Күн шашке кезинде, / Баскалы турган нээтинде, / Токтор менен Чайаны, / Токтолбой жетип барганы, / Муну айта салганы: / — Эки күндөн бер жакка, / Жыйын болуп хан такта, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байчечекей түрдөнүп, / Жердин бети гүл жайнап, / Тили каткан чакчыгай, / Тили чыгып чакылдап, / Шашкеде төрөлгөн, / Чыныкеден башка жан, / Баланын жүзүн көрбөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Түн киргенде билгизбей, / Кутубай менен Гүлүскө, / Кум ташытып куйдуруп, / Шеги жок жерди тундуруп, / Күн шашке болгону, / Күчөп Чүрөк толгоосу, / Эркек төрөп койгону, / Айсалкын жерден алам, деп, / Ээрдин кесе тиштенип, / Кара жанга күч келип, / Чачы сайын тер кетип, / Алалган жок баланы, / Жерден козгоп тербелтип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошо күнү шашкеде чыккан так бешимге чейин тынбай кыдырсак керек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →