шаш
- Шашылыш ишке карата ашыга аракет кылуу, ашыгуу, чыдамсыздануу.
- Апкаарып, эмне кыларын билбей шашкалактап калуу; оңтойсуздана түшүү, шаштысы кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ажалың айдап жан шашып, / Кыргызга Таңгыт не тийдиң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Таластагы урушта, / Кененимдин аскери, / Тааныгандын бири экен, / Кененим аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атбашыдан аттанып, / Мазейил белин ашыптыр, / Музой Калча жетем деп, / Эң эле жаман шашыптыр, / Калың Калча кеп угуп, / Жалгызек келди деп угуп: / — Музой Калча, оңбой кал, / Байлап бербей бүркүттү, / Убара кылып баатырды, / Мунуң жакшы иш эмес, / Колк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ары жактан камырабай келсем да бул жерде шашып калдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →