шат
- Шаңдуу, көңүлдүү, куунак, шайыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аттанып чыкты көөнү шат, / Атырылып келатат, / Кыз Куйалы ойумда, / Көмөрөм деп баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ы-карта таттырып, / Алдына койуп аракты, / Айабастан мас кылып, / Көп санаадан козгошуп, / Көз жашы менен дат кылып, / Тазбайматты барганча, / Таттуу кеп менен шат кылып, / Кобурашып кээ бирде, / Коноктоп аны жаткырып, / “Чубак менен Каныкей, / Ушундай” — деп айттырып, / Каныкей менен Манасты, / Как ошентти жат кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ойрон болгон атамдын, / Үстүнө күнү шат болор, / Айтылбай калаар жумушум, / Атым өчүп жок болор.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…үч бекзат, / Арчатору бууданга, / Айактап кебез байланып, / Он төрт күлүк айдатып, / Бүгүндөн калбай барам деп, / Айчүрөк сени табам деп, / Аттанып чыкты үйдөн шат, / Душманга болсун күйүнчү, / Жеңе сага сүйүнчү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Айкын талаа бак болсо, / Жер көгөрөт экен го, / Күкүрттөн кыйын күч алып, / Эл көгөрөт экен го, / Эл менен жер жарашып, / Тең көгөрөт экен го, / Кутулуп жоодон болуп шат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →