шарт2
- Тездик менен, өтө чукул арада, дароо, арыдан-бери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кол астында эр жалгыз, / Чабдар күрөң ат минген, / Куйругун ача шарт түйгөн, / Жеңишке салчу күлүктөй, / Көкүлүн көккө шүйдүргөн, / Бар кийгени темирден, / Күн чагылып жаркылдайт, / Кара бойу кем эмес, / Кара тоонун сеңирден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арамдык сага кылгындай, / Курбулук шарты оңойбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бүгүн жылдыз каршы экен, / Сенин атаң Манастан, / Калган, балам, шарт экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бул жаңкы ат чыгып кеткен дарбазага жаңы жете бергенде, бир уйгур жигит, дарбазаны шарт жаап жиберип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Менин шартым бар, күрөшөм, мен жыксам башыңды алам, сен жыксаң сага тиемин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →