шарт1

китептерде 111 жолу, 9 китепте шарт 2 →
  1. Талап.
  2. Бир нерсеге таасир кылуучу, жалпы ал-абалга таасирин тийгизүүчү жагдай, кырдаал, мүмкүндүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кол астында эр жалгыз, / Чабдар күрөң ат минген, / Куйругун ача шарт түйгөн, / Жеңишке салчу күлүктөй, / Көкүлүн көккө шүйдүргөн, / Бар кийгени темирден, / Күн чагылып жаркылдайт, / Кара бойу кем эмес, / Кара тоонун сеңирден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арамдык сага кылгындай, / Курбулук шарты оңойбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүгүн жылдыз каршы экен, / Сенин атаң Манастан, / Калган, балам, шарт экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бул жаңкы ат чыгып кеткен дарбазага жаңы жете бергенде, бир уйгур жигит, дарбазаны шарт жаап жиберип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Менин шартым бар, күрөшөм, мен жыксам башыңды алам, сен жыксаң сага тиемин, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →