шап1
- Эки миздүү канжар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шап-шап кылып бөлүнтүп, / Көзүнүн жашын төгүлтүп, / Найзанын учу жеткендин, / Кабыргасын сөгүлтүп, / Тобу менен сулатып, / Дөмөөр баштай томпойтуп, / Башы жок жаткан киши көп, / Мойундарын чолойтуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытай үнү чыкканда, / Талана таамай укканда, / Андестик кылып шапа- шап, / Чокморун сууруп алганы, / Күүлөп- күүлөп чокморун, / Кененимди чапканы, / Адис көнгөн Кененим, / Балтаны кармап сабынан, / Талананын чокморун, / Кагып ийди алдынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кутургур жайы ал экен, / Сөөгү туташ жан экен, / Аты менен бурулуп, / Оңдонуп алып сайбаса, / Шапа-шупа, оң-солго, / Толгонбос жайы бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кийгени кызыл шайыдай, / Кыңгыранган уулдар, / Каз, өрдөктөй катарлаш, / Керилген келин, сулуу кыз, / Салтанат сайран курушуп, / Шапар тээп тунушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикийген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме — пристав.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →