шапы

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. диал. Бирөөнүн үйү же буюму сатылганда, башкалардан көрө кошунанын ошол эл берген баага сатып алуу укугу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бет келер мага эр жок, деп, / Анда мага тең жок деп, / Апыр- шапыр жөнөдүм, / Таласка барсам кыргыздын, / Күмбөзүнө Манастын, / Чогулганын көргөмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кечээ күнкү жеңилиш, / Кегин алып келем, деп, / Айдап ажал желденип, / Каны кызып демденип, / Качыр минди, ат минбей, / Күрзү алып, найза илбей, / Күркүрөп Шапыр жөнөдү, / Көрсүн деп эми өнөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алыша албай ал экөө, / Кечкирип элге кайтышты, / Шапыракты билдирип, / Кабылан Сыргак айтышы: / — Бендеден белдүү эме экен, / Берендиги чын экен, / Беттешкен элем эченге, / Баардыгынын тыңы экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шапырак чапкан сом балта, / Сырты менен балтанын, / Баатыр Чубак какканда, / Шапырактын балтасы, / Чымчыктай учту асманга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Шапыракты жылдырып, / Амалын тилеп калчанын, / Алып бара жатканын, / Көрүп калып эр Чубак, / Токтоо кылбай жан чыдап, / Кууп кирди артынан, / Көк бууданды камчылап, / Бастырбай турат дөбөттөр, / Алды-артынан борбуйлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →