шалп
- Суюк нерсени шапшыганда, чапкылаганда же үстүнө бир нерсе түшкөндө, ит, мышык суюк нерсени тили менен шалпылдата ичкенде ж. б. учурда чыккан дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калыңдыгы бир эли, / Жазылыгы төрт эли, / Ийлеген бугу кайышты, / Чирене түшүп тартканда, / Үзүлүп кетти чарт этип, / Билегинин териси, / Сойулуп чыкты шалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көзү ачылып жарк этип, / Айчүрөктү көргөндө, / Боздоп ийди каңк этип, / Кобойун десе өркөчү, / Эки кат тери шалп этип, / Эки буттун коборуп, / Эки колу кобо албай, / Жыгылып калды талп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…т канкоруң, / Кабагын салып зарланбай, / Адеме төрө көкжалың, / Атынын башын бурганы, / Аркасын карап кылчайып, / Чорого айтып турганы: / — Кештелүү калпак кең шалбар, / Кеңешим айтам жаш балдар, / Саймалуу калпак көк шалбар, / Санаамды айтам жаш балдар, / Алты күнү болгунча, / Ат сергитип алалы, / Анан Чүрөк баралы, / Жети …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Карс эттирип сөөк жебей, / Шалп эттирип суу ичпей, / Ачка жүрүп куруду, / “Катын жапа, ит опа” / Элден калган кеп ушул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Сууга барып "шалп" эткенде гана өлөрүн билди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →