шал1

китептерде 161 жолу, 8 китепте
  1. Нерв системага доо кетишинен улам бир органдын өз функциясын аткарбай, кыймылдабаган же эч нерсени сезбей калган абалы, паралич.
  2. өт. Күчсүз, алсыз, алы жок, кайраты жок, араң жан.
  3. Колго түшкөн адамдардын мойнуна салынган ортосу көзөнөк калың жыгач тактай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

ташты кулатып, / Кылып көрдү айбатты, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан эрлериң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктердин Темирбек, / Алар да келген тебелеп, / Коросон, испан, ооганды, / Кол чакырып куралып, / Жааган күндөй себелеп, / Келг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайчы кулак каман алп, / Жез киндиктүү кикимат, / Темир тондуу шалкымат, / Манжудан чыккан канча алп, / Калтырбай баарын соргону, / Күн чыгыш эмес күн батыш, / Жети дөөнү кошо алып, / Асманда жүргөн канаттуу, / Алп кара куш кушту а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сыйкырчым бар нечен түр, / Колуңду байлап шал кылып, / Кара бойуң дал кылып, / Айлаң кетет алдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →