шайык

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. дин. Исламдын диндик коомунун башчысы; дин кызматкери.
  2. Мусулмандардын бейит кайтаруучусу, бейит сактаган адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алдырып келип мууздатып, / Шайыктарга карматып, / Камчысын салып мойнуна, / Чылбырын кармап колуна, / Күмбөзгө карап сыйынып, / Эки колу боорунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бирок жетти Бакай хан, / Жаңыдан акыл кеп ойлоп: «Канкорум, шайык нетти — деп, / Тай буурул аксак көрүнөт, / Не калба болуп кетти — деп? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →