шайба
- тех. Гайка буроонун алдына коюлуучу эбелек.
- спорт. Хоккей оюнунда колдонулуучу оор салмактуу тегерек желим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…л бойуна чачтырып, / Баспай туруп Кең кула, / Байлоодо туруп бук болгон, / Туйагы тийген жерлерди, / Кемегедей каздырып, / Ардактаган Кеңкула, / Жорголой басып шайбаңдап, / Топтуу караан жүргөндөй, / Топурак учуп, жол чаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мурункудай алчактап, / Тору аты бар шайбаңдап, / Бетиркенин элинен, / Бир калмак келди жакжаңдап, / Сырдаган найза карманып, / Сыдырып келди ал калмак, / Карап турат жаш Асыл, / Ойунда жок тартынмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Шайбандата бастырып, / Он миң киши шартылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элдин алды копкондо, / Аркасы элдин кобо элек, / Күн чалып калган мезгилде, / Желе-жорто шашыла, / Шайбаңдата бастыра, / Шаңданган эки жаш бала, / Айылдан өттү бел жакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →