шаар
- Административдик, өнөр жай, соода жана маданий борбору, кыштакка караганда калк көп орношкон ири пункт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чекене алыс жерде деп, / Кол салбадык силерге, / Кара шаар, жылдыз элдерин, / Эркине койдук жерде деп, / Арабызда калмактын, / Аласын ала качпадык, / Ак теңгесин чачпадык, / Каңгайда шибе, солондун, / Көп орбодук буудайын, / Өрт койбодук айдаган, / Шекер кылчу куурайын, / Анча-мынча дем алып, / Келесиңер жыл сайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…үң, үч баатыр, / Байкап уккун деп айтат, / Булуң тартып бурчтанган, / Мунарыктап урчтанган, / Дөөлөр менен беттешкен, / Күч ортосун чектешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Би…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бүркүтүн берип кур калба, / Куртканын шаарын саа бердим, / Аны кошуп сурап кал, / Жана болсо орунчуң, / Жашырбай сырың айта сал, / Дагы берем тартынба, / Алар болсоң жана мал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ак-Суу — чоң шаар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →