чөө

китептерде 45 жолу, 7 китепте
  1. Көбүнчө тарптар менен тамактануучу ит тукумундагы жырткыч айбан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жолборс чыгат суналып, / Илбирс чыгат чубалып, / Карышкыр чыгат кабышып, / Чөөлөр чыгат каткырып, / Адамдай күлкү салышып, / Көрүнгөн жанды кетирбей, / Такыр атып алышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Илбирс атып, чөө атып, / Ийри мойун төө атып, / Мастан айуу дегенден, / Төрүнөн атып сулатып, / Текесин таштан кулатып, / Кулжаны тандап атышып, / Курбуга койуп чубатып, / Кайб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Арстандын аты кеңкула, / Айбандан башка жаныбар, / Чөөлөрдү тиштеп ыргытып, / Туйагы менен тепкени, / Мээсин чубай мылгытып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Улуп кулак тундуруп, / Уктатпайт бөрү түнүндө, / Катынча күлүп каңшылап, / Чөөлөрү чуркайт күүгүмдө, / Элебесе жеп кетет, / Көз байланган бүрүлдө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сүлөөсүн, суусар, чөө алган, / Ачкүзөн, мадыл - булардан, / Кутулуп кете албаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →