чөп1
- Ичке сабактуу бир жылдык же көп жылдык, көбүнчө тоютка жумшалуучу майда өсүмдүк жана анын тоют үчүн жыйналып алынгандагысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мал оттосо жай алган, / Маралдын оту бөксөнүн, / Мал жалгаган чөптөрүн, / Пайдасын эч бир көрбөдүм, / Башымды кошкон Көкчөнүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чөпкө жини түшпөсүн, / Чөп убалын кантебиз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чөптүн баары чыгыптыр, / Жыпардай жыты жыттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тоо ылдый соккон желаргы менен теректер дирилдеп, чөптөрдүн башы шуудурап акырын гана чайпалат...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →