чөмүч

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Суюк нерселерди сузуп алуу үчүн колдонулуучу, ар кандай металлдардан жасалган, узунураак сабы бар тегерек чуңкур сузгуч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Көрүн мыктап каздырып, / Он беш киши көр казды, / Ошол жерге жаткырып, / Кемегесин ойдуруп, / Жанына казан астырып, / Жаңылап бээни сойдуруп, / Арчадан чапкан чөмүчүн, / Эт котортуп бастырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…жакшы түлөөгө, / Жубу жакшы эмес”, — деп, / Санап тогуз ат таптырып, / Керүүдө жаткан кыргызга, / Келгин деп элге айттырып, / Кемегеге астырып, / Талдан чапкан чөмүчүн, / Эт котортуп бастырып, / Келген элди чогултуп, / Жергелей тартып олтуруп, / Дасторкондун бетине, / Жээрине курсак жок, / Бар тамакты толтуруп, / Дембелеп кым… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ркылдап каздар үн салып, / Өрдөк-чүрөк, сонолор, / Каракуназ, жогжоктор, / Аккуу баштап түр салып: / Сууда жүргөн ушулар – / Балык менен кумурчак, / Бака менен чөмүчбаш, / Суунун чыгып үстүнө, / Мойнун созуп карашат, / Ээси келип чоң Талас, / Эбегейсиз жарашат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…уруп, / Кер байталдан сойдуруп, / Аттын барын кермеге, / Алып келип астырып, / Кемегесин каздырып, / Көмкөрмөлүү казанын / Алып келип астырып, / Арчадан кылган чөмүчүн, / Эт котортуп бастырып, / Эки чоро бир төрө, / Жата турсун белесте, / Муну мындай койуңуз, / Эми Чүрөктөн кабар алыңыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чөмүчү бар экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →