чөл
- Жамгыр аз жаай турган, суусуз, кургак, ээн талаа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…гуп бала Чигитей, / Буулугуп ичин муң алып, / Айлана курчап жоо алып, / Асман тиреп заңкайган, / Үстүндө Алтай тоо алып, / Айагы жагы сыр койук, / Адамы жүргүс чөл алып, / Орто жери Арал көл, / Каз кечпеген көл алып, / Жүрөгү күйүп жалындап, / Кыз торгойдун нуру алып, / Кайратка толду жаш баатыр, / Айлана курчап кол түштү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чалкалаган төр калды, / Чатыраган көл калды, / Суусуз нечен чөл калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кез жетпеген чөл урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ары жер өр, ары чөл.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Көпкөн немелер баланы көтөрүп алышып ээн талаа, эрме чөлгө ташташат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →