чүчкүр

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Мурун дүүлүккөндө катуу дабыш менен абаны эрксизден бүркө сыртка чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ап козулар, / Бышып жаткан быркылдап, / Эт бышырган катындар, / Эт оодарып шыпылдап, / Жанаша басып келин–кыз, / Күлкүлөрү шыңкылдап, / Бөрүнүн көрсө элесин, / Чүчкүрүп эчки быйтылдап, / Дөбөттөр үрүп арсылдап, / Кыйкырып койчу заңкылдап, / Азоону минип жылкычы, / Жин тийгендей шалкылдап, / Бөрүнүн үнү угулса, / Атылып мылтык … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Угуп Бетер токтолуп, / Улутунуп үшкүрүп, / Буйт дегинче чүчкүрүп: / — Сага келдим, Каратил, / Келгенимдин жайын бил, / Айткалы сырын келгемин, / Батай, Катай иниңдин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Өзөгүнөн өрт күйүп, / Тапан хан турду үшкүрүп, / Жаанда калган эчкидей, / Бытылдата чүчкүрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Быйт чүчкүрүп эчкилер, / Так секирип улактар, / Агаласайдын ташындай, / Адырга келип топ болду, / Ташка ойноп чунактар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →