чүрчүт
- Туңгус-манжур тукумунан чыккан эл.
- өт. Дини башка. Тили башка.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элин барып көрөйүн, / Жерин барып көрөйүн, / Ооган менен кыргыздын, / Чегин айрып бөлөйүн, / Ламдын бели Кыйма дейт, / Боз үй тиккен кыйба дейт, / Чүрчүт менен жуда дейт / Кыргызга душман бу да дейт, / Ламдын белин жер кылып, / Кыйбанын элин эл кылып, / Чүрчүт менен жуданы,” / Айдатып келип кол кылып, / Ооган ме…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бараң менен шаңкайды, / Чүрчүт менен жуданы, / Жедигерди дагы алды, / Ат жетер жерге кыргыздар, / Бүлүк салбай калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Букар, Чамбыл түркмөнгө, / Каракалпак, чүрчүткө, / Жуда менен калчага, / Андай жана канчага, / Айдың көл менен Нурадан, / Эринбей келсин бар адам, / Бабыл менен Сарыкандан, / Барскоон менен Даркандан, / Айагы Мунар Суусадан, / Айдарканга айтыңар, / Андан кийин кайтыңар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →