чүпүрөк

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Эндей кездеменин бир кесиндиси, өөнү, кичинекей бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таанылганын жыйнашып, / Таасыбаттап сыйлашып, / Бузулушуп көңүлү, / Булатып жашын ыйлашып, / Ак топурак дөңсөөдөн, / Ар кимиси көр казып, / Арбагы ыраазы болсун, деп, / Ак чүпүрөк белги асып, / Кыргыздар кетти түшкүнгө, / Кылгырта жашын чубашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баш билги болгон коркушуп, / «Башыбызды алат» — деп, — / Коркконунан кобо албай, / Ордунан өөдө туралбай, / Эси ооп турганда, / Жапанга аскан чүпүрөк, / Как ошондон белгилеп, / «Жашынсаң да белгилүү, / Тур ордуңан келгин — деп, — / Ордуңан тур» — дегенде, / Чанданып тура калалбай, / Жыгылып, кооп темтеңдеп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Капкара болуп келбети, / Тешиги жок түбүндө, / Ал чүпүрөк калтадай, / Аңтарылып кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Казынын башындагы жибек жоолугуң алып жаман чүпүрөктөрдү ороп койду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →