чүмкө

китептерде 62 жолу, 9 китепте
  1. Башы менен кошо бүт денени жабуу.
  2. өт. Каптоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайра жаачу булуттай / , / Карарып өңү бүркөлүп, / Кабагы карыш чүмкөлүп, / Буту сынып жаны ачып, / Качырып кирди «Манастап», / Кара жанга күч келип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…лы, / Атасы эзип суу берип, / Көзүн ачып жер көрүп, / Ордунан коппой солк этип, / Эки күн жатып көгөрүп, / Караңгыда жөнөдү, / Жылдыздан шуру тагынып, / Башына чүмкөй чапанды, / Калдайта кара жамынып, / Жатарга таппай айланы, / Жаш баатырды сагынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Качырып кирди бет алып, / Жаалысын көргөн кишинин, / Жаны турбай ордунда, / Аралап өтө бергенде, / Ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бешөөң бөлүн, чекке чык, / Урушту байка көз салып, / Чүмкөлсө кара тунарык, / Келерин байка кандай ык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Асманды булут каптаган, / Бүркөлүп турган чагы эле, / Эми эле чаап ийчүдөй, / Чүмкөлүп турган дагы эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →