чүйлү1
- Куштун эркеги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Аның Чоңкол десе, Чоңкол эле чиркин: эки колу токмоктой болуп, чүйлүсү казыдай буртуйган, муруту чычайып, көзү кутурган иттей кыпкызыл, сүрдүү келген, очойгон чоң орус эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикийген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме — пристав.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →