чың1
- Тоонун эң бийик жери, тик кеткен эң бийик жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чигитей жүзүн көрө элек, / Торгой көрүп караанын, / Бурулуп төргө өтө элек, / Шыкаалаган тешиктин, / Түбүнөн басып кете элек, / Ак чөйчөккө суу алып, / Сары улагын дагы алып, / Ак сарыбашыл кой алып, / Ак боз бээден бирди алып, / Тайар кылып Көкөйү, / Камынып турган чыңданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Керней-сурнай тарткыла, / Чыңбоорду аткыла, / Дүңгүрөтүп шаарды, / Доолбасты каккыла.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде Семеңдин, / Кулактары шырылдап, / Чымын кирип алгандай, / Чың-чың этип чыңылдап, / Көзүнүн жээги ачышып, / Тилинин түбү кычышып, / Эт жүрөгү элбиреп, / Бүткөн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тик…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айбалтанды чың карма, / Сен да өзүнчө баатырсың, / Айалуу жаның капырсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– деген бир абдан ичке үн чың эте түштү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →