чыңда
- Чыңоо, бекемдөө, арттыра күчөтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каары келип камыгып, / Карчыгадай кагынып, / Жаалысы чыгып жүзүнөн, / Жалынын чыгып көзүнөн, / Жайдары тууган Бактыбай, / Кара болот Жойкума, / Кармай алды сабынан, / Сууруп алды кабынан, / Билегин чыңдап чыйратып, / Бет келген жагын талкалап, / Аралап кирди Бактыбай, / Күчү кетип талыкпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Койнундагы бутуна, / Баш уруп калмак сыйынып, / Темир ээр калмакча, / Атка чыңдап токутуп, / Бастырып чыкты лукуйуп, / Аркасында аскерге, / Барабанын урдуруп, / Бар аскер чыкты чубуруп, / Майданга келген Кененге, / Чойун алп келип чогулуп: / — Качантан бери сен бурут, / Таанылып элге эр болдуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Акыл ойлоп олтуруп, / Алтын ээрин калмакча, / Атка чыңдап токунуп: / “Кара кыргыз уруугу, / Кан ичме жинди улугу, / Жакыптын уулу Манаска, / Ата-журту алашка, / Ат изин салып көрөйүн, / Адылдыгы чын болсо, / Алдына тө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Намыстан жанга күч келип, / Сейитти туурап эр Тапак, / Үзөңгүгө тамандап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Мурдунан маңка куйулуп, / Чорго муздай салаңдап, / Сабынан чыңдап кармады, / Алы келсе баатырдан, / Найзасын тартып алгалы, / Эки колго чогултуп, / Барлык күчүн арнады, / «Колдосоң, Шоркөл, колдо» деп / Күбүрөп ичтен зарлады,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…өп кийикти жарышты, / Бутун баатыр чырмады, / Жарасы күчөп ырбады, / Он беш күн өткөн кездерде, / Билбей калды сынганды, / Күндөн-күнгө жоонойуп, / Шишик басып чыңдалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →