чыңа
- Чың кылуу, бекем кылуу; күчөтүү, өнүктүрүү.
- Чалгынын, кетмендин ж.б. мизин чыгара, мизин жукарта чапкылоо, чапкылап чыңдоо.
- Керүү, кере тартуу, чыйралтуу, чоюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкөл Манас, Чынача, / Урушканда Ооганда, / Коросон менен испандык, / Коңурбайга алданып, / Барган экен башында, / Кечириптир күнөөсүн, / Келбеттүү Манас падыша, / Испан менен Коросон / Жана келип калыптыр, / Анткор калмак алдаса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Адамзатта арып көп, / Аттарын Ооган караптыр, / Чыначаа минген ат калган, / Андан башка калбаптыр, / Жерге жакын жөө кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чыңалган темир жүздөнүп, / Өрттөй жанган көзүңдү, / Манастын уулу экенсиң, / Дайындадың өзүңдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ого бетер чыйралып, / Кара боюн бекитип, / Чыңап алды, үмүтөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Чыпалагыңды чынанган тузга малып жат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →