чыч

китептерде 14 жолу, 4 китепте
  1. Заңдоо.
  2. өт. Бүр байлоо, жаңыдан бүр ача баштоо; жаңыдан кылтыйып өнө баштоо (мис. талдын бүчүрлөрү).
  3. өт. Абдан коркуу, абдан коркуп кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бербесең мейли атамды, / Чычырып алып богун же, / Күдөрүңдү такыр үз, / Нурфану мага тийет дебе, / Өлүп алып кутулам, / Зордуктап алам дегенде! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каалгадай тишиңе, / Карга чычып койдубу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чык эшикке сасыбай, / Чымын чычып кулгуна, / Алда, далысынын сасыгы ай! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кебиңерди албайым, / Чычып койгон майакка... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Чал барып Карабайдан жайыл дасторконун, чыч чебичин, быш сабасын, ур токмогун сурайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →