чыт1
- Пахтадан жасалып, түр салынган же бүт боёлгон жука кездеме.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кабагын чытып эр Асыл: / — Мен айтпаймын жалган сөз, / Бар, Каракөз, кет!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кеңкуланы чалдырып, / Бир кудайга жалынып, / Качан келет Талана, / Шашып турат Кененим, / Ач жолборстой чамынып, / Талананы көргөндө, / Таакаты калбай ачуудан, / Бузулган күндөй бүркөлүп, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагын чытып түмпөйүп, / Талана келди аңгыча, / Көпкөк темир чүмкөнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калдаңдаган Канчоро, / Кабагын чытып ошондо: / — Катыгүн Кыйаз, не дейсиң, / Ашкере турат, билемин, / Таласка көчүп келбейсин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— деди чарчаган түр менен кабагын чытып.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →