чыр2
- Тез, чукулунан, мис. кайнап жаткан майга муздак суу таамп кеткенде чыккан сыяктуу дабышты билдирүү үчүн колдонулат.
- Чымчыктын, чегирткенин ж.б. безелене, чырылдай чыккан ичке ачуу дабышын билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көзүбүз көрдү чыракты, / Желпилдетип туу сайып, / Кетиркей кармап байракты, / Чакмакташ менен Кардыгач, / Черчендеги Жагалмай, / Ченебей бизди кыйратты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айтарына кеп таппай, / Апкаарып Шоорук тердеди, / Токтолуп калды былк этпей, / Мадана жетип келгени: / — Айланайын чырагым, / Атадан артык чунагым, / Эл намысын талашып, / Атка минген убагың, / Каңгайды сайып жеңди, деп, / Каттоочудан угамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…сакалды, / Жулкуп кармап сыланып, / Каалгадай кашка тиш, / Маңдайынан кылайтып, / Кененим турду муну айтып: / Мурунтан калмак, адатың, / Алдап туруп амалдап, / Чыр тапмак ата санатың, / Айтканыңча бар экен, / Падыша баатыр Манастын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ойлонду Сыргак жана да, / Жан айабай баратып, / Акылында муну айтып: / “Кечээ тал чокунун кырында, / Чубактын салган чырында, / Ойрон Алма баатырдын, / Ошондо айткан кеби бар: / Хан кыл десем кимиңди?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Энекем тилин алгының / Бул пейлиңен жангының / Он, он беш күндө эл көчөт, / Эл күздөөгө түшкөндө, / Элге кабар салгының / Түлөө чырак өткөзүп, / Көпчүлүк менен баргының.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →