чырым2
- Карта кагазынын бир түрү, чытыр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Он беш ашуун күн болду, / Мен ал жерге баргалы, / Асыл эрдин көзүнө, / Көрсөтпөдүм карамды, / Күндө тыным алдырбай / Түндө чырым алдырбай, / Же чөпкө атын чалдырбай, / Жаман экен Көкбөрү, / Айлакер экен Каракөз, / Жаңылап киши чыгарып, / Кыйнады Асыл баланы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түндө чырым албады, / Түнүндө чатак салганы, / Күндүзү тыным албады, / Сайышкан бирден балбаны, / Өтүп барат далай күн, / Бешөө келип чогулуп, / Бир баланы албады, / Кезектешип беш каапыр, / Бирден-бирден барбады, / Күндө уруш чуу менен, / Жердин бети чаңдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элине тилеп амандык, / Дабытай айтты ар кандай, / Ачакан менен Кесилет, / Башкача акыл айталбай, / Таң атырды кеп менен, / Чырым уйку алалбай, / Кыргыздардын Саламат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Казактан чыгып кайгырып, / Кадырлашы Көкчөдөн, / Каргаша болуп айрылып, / Күн батыш алып маңдайга, / Тили кургап таңдайда, / Чыканак жерге салбастан, / Чырым уйку албастан, / Тирүүлүктүн кубаты – / Тырмактай даам татпастан, / Аты керт этип чөп жебей, / Чөп жесе да, көп жебей, / Эр кылт этип суу ичпей, / Көйнөгүн жел…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чырымынан серп салып, / Чындап Гүлүс карады: / “Кайсы жактын эли?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →