чырт

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Чытырап жарылгандай же чыйт эткендей кыска кескин, дабышты билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрүп Көкчө жайыңы, / Көгала атты сурады, / Минейин деп майыны, / “Көк атты берет дегиче, / Көкчөнү өлдү десеңчи”, / Кетирип шайын анетип, / Көк куштан бетер чырт этип, / “Каалаган атың мингин – деп, / Кайра бачым келгин” – деп, / Айтканың элге дайындуу, / Азамат кетти жалындуу, / Анты-шертин тапшырып, / Акырегин жаш кыл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мостойо түшүп чырт этип, / Тиктеп калып азыраак, / Шашыла сүйлөп батыраак: / “Тайлактай кууну көтөрүп, / Айчүрөккө баргыча, / Жүгүрдүңөр алдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Карындын учунан чымчып, кармап туруп, бир жеринен чырт кесип алды да төгүп кел деп мага берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →