чырма
- Каршы-терши ороп байлоо, таңуу, артылтып, айланта ороо.
- өт. Курчоо, чулгоо, басуу (санаа, кыял, кырсык ж.б.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төөнүн жүнүн бойогон, / Чырмак чийдин четине, / Кара оозуна оргон, / Он эки түрдүү жибектен, / Чийди кылдап чырмаган, / Үйгө жапкан кийиздин, / Тышын аппак тордогон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыл шиберге копшотуп, / Тезге басып токтотуп, / Түптүздүгү сүмбөдөй, / Ок жыланга окшотуп, / Билер-билбес жигине, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү тилме чыгарып, / Учун ууга сугарып, / Тасмадан боону …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эртең менен болсун, деп, / Чыгып бара жатканда, / Чылбырынан алайын, / Башымды кесип ийсе да, / Чырмалып туруп калайын...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жете барып Гүлчоро, / Урматтуу күлүк Буурулдун, / Чылбырынан кармады, / Чырмалып тура калганы, / Чыркырап бала ыйлады!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…р Сомбилек жуп тайган, / Аргымак –төртөө жатышты, / Алып келет ал жерге, / Тайгандар айдап кайыпты, / Сомбилектин жанына, / Көп кийикти жарышты, / Бутун баатыр чырмады, / Жарасы күчөп ырбады, / Он беш күн өткөн кездерде, / Билбей калды сынганды, / Күндөн-күнгө жоонойуп, / Шишик басып чыңдалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →