чырга

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Бүркүттү таптап үйрөтүүдө колдонулуучу түлкүнүн кеби.
  2. Жалпы эле кыраан куштарды таптоодо колдонулуучу айбандын же канаттуунун кеби.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Катай катуу мыкты экен, / Тыңдыгы анын чын экен, / Баатырлыкта кыл экен, / Чымырканган Катайы, / Чигитей экөө беттешип, / Чырга толду талаасы, / Бир беттешип алдырбайт, / Ал кыргыздын баласы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дердеңдеген кээ бирин, / Айландырып жерге чаап, / Кээ бирин Кененим, / Чыргадан бетер сүйрөтүп, / Этин ташка түлөтүп, / Тартайып сөөгү калганда, / Таштап койду тарбайтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жакып хандын Сыргагы, / Чырга тууган ушуну, / Манастан эки жаш кичүү, / Серектен жарым күн кичүү, / Жарым күн кичүү дегени – / Эгиз бала болуучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүйрөгөн ким букадай, / Алыке менен Сатыке, / Кутубайдан сурады, / Жооп берип Кутубай, / Айтып турган убагы: / — Сүйрөлгөн чырга Кыйазың, / Сүйрөткөн Гүлүс арстаным: / Далбаа болгон Кыйазың, / Далба кылган арстаным, / Алыке менен Сатыке, / Дагы барбы айтарың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чыргадай сүйрөп Коңурду, / Тоодой кылып томурду, / Көрсөтүп ага сонунду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →