чырай
- Өң, жүз, бет (көбүнчө ажарлуу өңгө байланыштуу колдонулат).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Өкүмсүгөн айбандын, / Өпкөдөй бети бышарып, / Тарамышын чырайтып, / Бүтүн жердин бетине, / Жан койбостой кыйратып, / Алдымда минген көк качыр, / Шодоңдотуп куйругун, / Артынан чаңын чубалтып, / Катуу кирди бул каапыр, / Каар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…луп, / Кайдан жүргөн кыздар, деп / Баатырың барды бурулуп, / Жакыптын уулу жайдарың, / Жыйырмада бар экен, / Маңдайынан караса, / Көзү күйгөн шам экен, / Кызыл чырай нур беттүү, / Туулган артык жан экен, / Элөөсүз баатыр барышын, / Элебей кыздар калыптыр, / Калтырбай Манас келбетин, / Каныкей байкап алыптыр, / Кыздардын бар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алтын чырай нур бети, / Бүтүн кылым элде жок, / Атаң Семей келбети, / Төгүлүп жерге тамчудай, / Бетинен жааган бермети.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыргоол жүндүү, кыз үндүү, / Кызыл чырай нур жүздүү, / Кызыл чийкил жаш бала, / Кирип келди мынаке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →