чын

китептерде 510 жолу, 10 китепте
  1. Анык; даана, туура, ырас, калп эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жашырбай, баатыр, сырыңды айт, / Эмне болсо чыныңды айт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайрат кылып качырсам, / Калбаса тирүү чымын жан, / Өлтүрбөй койсо өзүмдү, / Коросонду тапшырсам” / Малы кетип куурулуп, / Өңүнөн азып кубулуп, / Чын шаштысы кеткенде: / “Качырышып Кененге, / Кайрат кылып көрөйүн, / Качантан бери кармашта, / Талыды бекен Кененим? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
— Мунун Манастыгы чын экен, / Атын Манас койуптур, / Өзү да Манас уул экен, / Ушалансын улуктар, / Эл башкарчу бул экен, / Баралына келгенде, / Падыша болчу бала экен, / Ушул бүгүн турушу, / Падышача бар экен, / Букарада не жазык, / Кыл дегенин кылганбыз, / Кызыталак хандардын, / Айтканын кандай кылбайбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эрекче мунун кызматы, / Кыйаз мында келгенде, / Кабарды мурун айтканы, / Ырас чынын айтканда, / Таластын тузун актады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эгер силер элдин чын камкору болсоңор, калыстыгыңар кайда? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →