чым1
- Тамырлары жыш таралып калың чөп баскан жердин үстүнкү катмары, кыртышы жана ошол катмардын же кыртыштын кетмен ж.б. менен чаап бөлүнүп алынгандагысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жердин бети тытылып / Оодарылып таш калды, / Коморулуп чий калды, / Аңтарылып чым калды, / Көлчүк болуп жылтылдап, / Чуңкур жерди суу алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Толгой баскан жеринде, / Топурак топ-топ үйүлгөн, / Каңтара баскан жеринде, / Казан каптай кара чым, / Аңтарылып көрүнгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Коросон, Ооган, Испанды, / Жедигердин Жетисуу, / Уламдын бели Кыйбаны, / Амур бойу, Ургөнчтү, / Эркечтам менен Кашкарды, / Сарыкол, Чымкент аларды, / Алажууку, Үчташты, / Кетментөбө, Жазыны, / Атбашы жайлоо, Нарынды, / Тартып алам барыңды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Казан каптай кара чым, / Каңтарылып калыптыр, / Эшик эндүү эчен таш, / Аңтарылып келиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Жүз камчыласа чым этпеген, казысы көнөчөктөй бир кашка айгыры болучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →