чымыр1

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Чың, бышык, чыйрак, көпшөк эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атылып мылтык тарсылдап, / Урулуп доолбас карсылдап, / Жез барабан кагылып, / Жердин бети шаңкылдап, / Чымыроондой чыңырып, / Сурнайдын үнү заңкылдап, / Аргымак аттар алкылдап, / Белде кылыч жаркылдап, / Айбалта жанда шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Маңгыттан келди хан … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көз чымырын албастан, / Бутун сунуп жатпастан, / Бели ооруп зыркырап, / Көчүктө дарман калбастан, / Кылым кол бары кыйналып, / Кыйын болгон убагы, / Кыйла терси мурдатан, / Кыргыл буга унайбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чымылдак тартып жез найдан, / Чымыроонду кең найдын, / Сурнай тартып жез найдан, / Суу акпаган кең сайдан, / Суулар агып кошулуп, / Башынан мөңгү бузулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Чынарга жетти жакындап, / Чымыроондой чакылдап? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Байболот кырк чамасында, куйтуйган гана бекенек, чымыр киши. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →