чымчы

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Бармак менен сөөмөйдүн учу менен, көбүнчө дененин бир жерин катуу кыпчуу, кыпчып тартуу.
  2. Кандайдыр бир нерсени эки же үч колдун башы менен кыса кармоо, кичине-кичинеден алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Көргөндүн баарын какшатып, / Жүрөгүн сууруп келгин, деп, / Сурнай менен жар салып, / Муну көрүп Кызылкыз, / Дайарданды камданып, / Оозу башы күбүрөп, / Жерден чымчып топо алып, / Көзүн байлап моңгулдун, / Ал бешөөнү куткарып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Булуң болуп бурчтанган, / Булуңкур болуп урчтанган, / Чымчып алар чөбү жок, / Чык этээрге суусу жок, / Ысык чөлгө салууга, / Кабуусу келсе Манасты, / Какырда жеңип алууга, / Кабуусуна келбесе, / Алты шаар- чет Бейжин, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тура калып Айчүрөк, / Оң колу менен сол колун, / Шак дегиче бирди чаап, / Жердеп алып баланы, / Мурдунан чымчып алганы, / Чыркырап бала калганы, / Күрсө-күрсө жөтөлүп, / Кыйаз кирип барганы: / — Ээ, капырай Айчүрөк, / Ыйлаттың неге баланы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Карындын учунан чымчып, кармап туруп, бир жеринен чырт кесип алды да төгүп кел деп мага берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондо кемпир төгөрөктүн төрт бурчунан төрт чымчым топурак салат, баштык толуп, ашып-ташып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →