чылк

китептерде 14 жолу, 5 китепте
  1. Бүт, жалаң, өңчөй.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кийгени темир үч кабат, / Аттарынын ичинен, / Чылктору деген ат жагат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Андан ары барганда, / Анжийанда жүз башы, / Маргалаңда миң башы, / Наманган менен Ташкенди, / Катарынан сураган, / Чоң Коконду элеген, / Айры сакал Сынчыбек, / Кийген тоону чылк жибек, / Коконго кабар салабыз, / Колун түгөл алабыз, / Коржоктогон калчага, / Кул салып анан барабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдынкы кашы карк алтын, / Арка кашы чылк күмүш, / Эки каптал эн темир, / Эптеп кылган ак каңкы, / Телкүрөңгө чак каңкы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алдыңкы кашы карк алтын, / Кийинки кашы чылк күмүш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чоң ачылбаган, бүтүйгөн, чылк каштуу көзү бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →