чыла2

китептерде 54 жолу, 10 китепте чыла 1 →
  1. Сууга салып коюу, суу кошуп аралаштыруу, суюктукка салып коюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кызыл алп жатты ал түнү, / Төө менен доңуз сойуп жеп, / Чыланып майга малмырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алдына минген Көктеке, / Кара терге чыланып, / Келип элдер сурашып, / Көргөнүн айтып Тазбаймат, / «Бастыралы Каныш», — деп, / Шашмалап турат ыкчамдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Белендеп койгон башынан, / Мыйаздын чылап суусуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
–деп, / Чылаган заарды бердирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →