чык3

китептерде 5552 жолу, 10 китепте чык 1 →
  1. Үйдөн, белгилүү бир жерден, шаардан ж.б. сыртты көздөй же башка бир жакты карай жөнөө, багыт алуу, жол тартуу, аттануу.
  2. Кандайдыр бир нерсенин үстүнө же бийиктикке көтөрүлүү, бөлүнүп көтөрүлүү.
  3. Үн, добуш ж.б. пайда болуу, угулуу.
  4. Жарышта же мелдеште башкалардан озуп кетүү.
  5. Кез келүү, кездешүү, кездеше түшүү, жолугуу, көрүнүү.
  6. Китеп, газета, чыгарма ж.б. жарык көрүү; кандайдыр бир өндүрүмдүн пайда болуусу.
  7. Өсүү, өнүү, көрүнүү, пайда болуу.
  8. Аянттын, кеңдиктин ж.б. кандайдыр бир жагына, бир четине жетүү, жетип калуу.
  9. Белгилүү бир убакыттан, мезгилден өтүү.
  10. Белгилүү бир жашка келүү, белгилүү бир жашка же өлчөмгө, ченге жетүү, толуу (жашты, ченемди көрсөткөн сөздөр менен бирге айтылганда).
  11. Келүү, пайда болуу (мезгилге карата).
  12. Пайда болуу, көрүнүү, табылуу.
  13. Бөлүнүү, башкалардан бөлүнүп, окчундоо, четтөө, белгилүү бир изден, калыптан оолактоо.
  14. Болуу, кандайдыр бир окуя башталуу, болуп калуу.
  15. Бошоп калуу.
  16. Билинүү, белгилүү болуу, байкалып калуу.
  17. Табылуу, казылып алынуу.
  18. Көбүнчө иштин, кыймыл-аракеттин аякталгандыгын, бүтүшүн, болгондугунун натыйжасын көрсөтүүчү көмөкчү этиш катарында колдонулат.
  19. Толуу, жетилүү.
  20. Кууттан өтүү.
  21. «Кет, жогол» деген мааниде колдонулат (көбүнчө итке карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Короолош коңшу жүргөндөр, / Жасоол курап чыкпасаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анда баягы кемпир: "Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат", – деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →