чууда

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Төөнүн тизеси менен моюнунун астындагы кылчыктуу узун жүнү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оторго малын салышып, / Басаке менен багышып, / Кочкорунун мойнуна, / Кош коңгуроо тагышып, / Буркулдатып буурасын, / Самсаалатып чуудасын, / Жүккө төөнү көбөйтүп, / Жазында эгин эгишип, / Кырманда кызыл жайнатып, / Эгизден тууп койлору, / Бир соолуктун жанына, / Экиден козу байлатып, / Кедейи жок… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Башка жан болсо бул чууда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Буркулдатып буурасын, / Самсаалатып чуудасын, / А да жөнөп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ак чуудаң тартып көрүнүп, / Асмандын чети сөгүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →