чунак

китептерде 291 жолу, 10 китепте
  1. Кулагы жок, бир кулагы жок же чолок кулак, кулагы кыска.
  2. өт. Бактысыз кырсыктуу кара жолтой, кокуй экенсиң деген мааниге жакын, көбүнчө жемелөө иретинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таманына шиш кагып, / Тамтаңдатып жүргөндө, / Айрып алып Таласка, / Алып барып тактырсам, / Тузга сийип, чунак ит, / Арамдык ойлоп сен турсаң, / Азыр да кесем башыңды, / Жамандыкка көөн бурсам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Акбалта уулу Чубакты, / Жоо бөрүсү чунакты, / Он миңче торчу топ болуп, / Тегеректеп тап койуп, / Эки балбан ороңдоп, / Бир пили желип тороңдоп, / Ортосуна алыптыр, / Ыкыс берип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчорону келтирип, / Колу-бутун чечтирип, / Ичкиниң деп аш берип, / Бакай айтат бир кепти: / — Кызыталак, арам ит, / Атаң Чубак эр эле, / Эр уулу менен тең эле, / Атадан айлан, чунак ит, / Эмне болдуң сен эле?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Оолуккан чунак баласың, / Көп кечикпей жакында, / Кеңколго көчүп барасың, / Эмне мынча шашасың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кара чунак көп жетим, / Кабарсыз болуп мен кеттим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →