чунай
- Кулагы жок же өтө кыска, чолок болуп көрүнүү.
- Кулагын жапыруу (көбүнчө жылкыга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыттардын хан Калдык, / Каракөзгө каарданып, / Акырайа бир тиктеп, / Турумбекке бет алып, / Кездемдин боосун чубалтып, / Кезкерип найза чунайтып, / Карасурду камчылап, / Качырып кирип барганда, / Акырыгы таш жарып, / Бактыбай жетти аңгыча, / Бактыбай, Калдык бет келди, / Баштан-айак жомок ыр, / Байыркынын кептери.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…п, / Күн кеч кирип калыптыр, / Топ аралап кирейин, / Көз байланган бүрүлдө, / Качып жолго жөнөйүн” / Акыл ойлоп алганы, / Арамзаада түгөнгүр, / Кез керип найза чунайтып, / Кездемдин боосун чубалтып, / Тик качырып жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кылкандай найза, көк желек, / Кынай кармап бекемдеп, / Кездемдин боосун жубалтып, / Кезкерип найза чунайтып, / Нускоо болсо чоңунан, / Ат салууга чуратып, / Дайарланып турушту, / Оңой эмес билгенге, / Опсуз кыйын жумуш бу; / Сагынып калган жери жок, / Сай кашкалар ур…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Козголуп койбойт кыбырап, / Карап турат зымырап, / Көргөн жанды таңдантып, / Көк мейкин зоодой зымылдап, / Кездемдин боосун чубалтып, / Кез керип найза чунайтып, / Тапакка чокмор чаптырбай, / Телкүрөң менен чубатып, / Оң колтуктан көтөрө, / Сайып өттү Тапакты, / Ат үстүнөн сулатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде баатырдан, / Кездемдин боосу чубалды, / Кез керген найза чунайды, / Алдында минген аргымак, / Сайып өтө бергенде, / Аркасынан чурады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →